05:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Ак шумкардын» рейтинги. Кыргыз футболчуларынын баасы

Жыл алды менен «Ак шумкар» улуттук курама командасынын оюнчуларынын бир тобу клубдарын алмаштырды. Азия оюндарындагы беттештерден кийин кээ бир футболчулардын жылдызы жанса, айрымдарынын рейтинги төмөндөй түштү.

24.kg агенттиги transfermarkt сайтынын маалыматынын негизинде кыргыз футболчуларынын наркын аныктады.

«Ак шумкар» капитаны Валерий Кичин — эң кымбат оюнчу. Россиянын «Энисей» клубу менен 1,5 миллион еврого келишим түзүп, көп өтпөй «Динамо Минск» тобуна 1,2 миллион еврого өткөн.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Валерий Кичин

Белгилей кетсек, Валерий Кичиндин биринчи чет элдик клуб менен контрагы 2013-жылы 50 миң еврого болгон.

Валерий Кичин 27 жашта. Улуттук курама менен 33 жолу оюнга катышып, 2 гол киргизген.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Гүлжигит Алыкулов

18 жаштагы Гүлжигит Алыкулов менен түзүлгөн келишим баа быйыл эки эсеге өстү. Ал жыл башында Казакстандын «Кайрат» клубу менен 400 миң еврого макулдашты. 2019-жылы Белоруссиянын «Неман» тобуна ойноп, келишим наркы 200 миң еврого бааланган.

Гүлжигит «Кайратта» эки жыл ойнойт. 

Темирлан Козубаев «Алга», «Дордой» топторунда ойноп,Сербия жана Малайзия менен 75 миң еврого келишим түзгөн. Быйыл ал 295 миң еврого Индонезиянын Persatuan Sepakbola Indonesia Tangerang клубуна өтөт.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Азамат Байматов

30 жаштагы оюнчу Азамат Байматов чет элдик клубтар менен алгачкы келишими 50 миң еврого бааланса, акыркы "Дордой«менен макулдашуусу 175 миң евро турат. Айрым маалыматтарга караганда Азамат Байматова Индонезиянын футбол клубтарынын бирине ойнойт. Бирок, азырынча келишим боюнча так маалымат жок.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Мирлан Мусабеков

Мирлан Мурзаев Түркиянын футбол клубу менен келишимин жыйынтыктап, «Дордойго» өтөт. Анын алгачкы келимиши 50 миң еврого болсо, учурда спортчу 200 миң евро турат.

29 жаштагы Мирлан Мурзаев Кыргызстан үчүн 10 гол киргизип, 46 жолу улуттук намысты коргогон.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Фархад Мусабеков

Фархад Мусабеков Өзбекстандын «Алмалык» футбол клубу менен 2017-жылы 75 миң еврого келишим түзгөн. 2018-жылы 100 миң еврого «Дордойго» ойноп, Кыргызстанга кайтып келген.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Бекжан Сагынбаев

Бекжан Сагынбаев жергиликтүү футбол клубдарына эле ойноп келет. Анын «Дордой» менен түзгөн келишими 200 миң евро катары маалымдалат.

Кыздардын сүймөнчүлүгүнө айланган Виталий Люкс немец клубдарына ойнойт. Анын 2015-жылкы келишими 120 миң еврого бааланса, азыр 100 миң евро.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Виталий Люкс

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума