18:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандан Грузияга темир жол аркылуу мазутту экспорттоо башталды

Кыргызстандан Грузияга темир жол аркылуу мазутту экспорттоо башталды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын декабрь айында Ташкент шаарында Азербайжан, Грузия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан темир жол башчыларынын биринчи жолугушуусу болуп өткөн. Анда тараптар эл аралык мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүү, контейнердик поездерди тоскоолдуксуз кыска убакыттын ичинде өткөрүү жана бирдиктүү тарифтерди колдонуу маселелери боюнча макулдашууларга жетишишти.

Биринчи жүк ташуучу поезд Кыргызстандын Карасуу темир жол бекетинен Грузиянын Батуми темир жол бекетине 2020-жылдын 21-январында жөнөп кетти. Жүктүн көлөмү 49 цистерна мазутту түзөт. Ал эми 2020-жылдын 22-январында экинчи поезд кеткен. Жүктүн көлөмү 48 цистернага барабар. Аталган курам транзит аркылуу Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжандын аймагы менен 33 сааттын ичинде ийгиликтүү жеткирилген.

2020-жылдын 28-январында Карасуу темир жол бекети дагы 24 цистернаны кабыл алды.

Аталган жүктү жөнөтүүчү «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому. Ал эми экспорттолгон жүк: мазут-100 продукциясы.

Эң көп окулган жаңылыктар