08:53
USD 84.87
EUR 91.60
RUB 1.11

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкери пара менен кармалды

Бишкекте Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун борбордогу аймактык башкармалыгынын директору Болот Момбеков кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, ал кыргызстандык жарандан 143 миң сом пара талап кылган. Кечээ ал акча алып жаткан жеринен кармалды. Учурда Болот Момбеков ооруканада кайтаруу алдында жатат.

Кармоо иш-чарасын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы жүргүзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар