14:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

УКМКнын пара алып кармалган кызматкеринин иши Биринчи Май райондук сотуна өттү

УКМКнын пара алып кармалган кызматкеринин иши Биринчи Май райондук сотуна өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматкерге алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып коюлду.

Эске салсак, УКМКнын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал көркөм сүрөт музейинин кызматкерин опузалап пара талап кылган. Маалыматка таянсак, 2013-жылы аталган музейде кымбат баалуу картина жоголгон. Мындан улам текшерүүлөрдүн санын кыскартуу үчүн ал музей кызматкеринен 350 миң сом талап кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби