Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда пара алды деген прокурордун орун басары менен жергиликтүү РИИБнын тергөөчүсү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине УКМКдан билдиришти.
Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Эске салсак, прокуратуранын кызматкери менен милиция жергиликтүү тургундан миң доллар пара талап кылышкан.

