04:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кылмыш ишин бурмалоо убадасы менен пара алып жаткан кызматкер кармалды

Бишкекте Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-ноябрда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына С.Р. аттуу жаран кайрылып, Н.Б. аттуу кызматкерге карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, Н.Б. 3 миң доллар пара талап кылып, С.Р.нын жолдошуна карата козголгон кылмыш ишин оң жагына чечип берем деп убада кылган. 

«23-ноябрда 50 миң сом пара алып жаткан жеринен Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы Н.Б. кармалды. Ал изин жашырууга аракет кылып качып жөнөгөн. Бул убакта ал арыз ээсин сүзүп алды. Шектүү кармалып УКМКнын тергөө абагындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти УКМКдан. 

Тез жардам кызматы жабырлануучуну ооруканага жаткырышты. Анын абалы туруктуу.

Эң көп окулган жаңылыктар