09:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ИИМ: Тескөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

Ноокат районунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-ноябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматына М.М. аттуу жаран кайрылып, жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн акча каражатын талап кылып, паранын бир бөлүгүн (2 миң сом) алгандыгын жана арыздануучунун паспортун өзүнө алып коюп, 8 миң сом акча каражатын талап кылган тескөөчүгө карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бүгүн кенже тескөөчү, милициянын старшинасы К.З. 5 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды.



Эң көп окулган жаңылыктар