15:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Соцфонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак району боюнча Социалдык фонддун башчысынын орун басары улгайган аялдан пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган кызматка Р.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Сузак району боюнча Соцфонддун жетекчисинин орун басары пенсияга чыгарууда документтерди толтуруу үчүн пара талап кылганын айткан.

«А.У. документти толтуруу үчүн 22 миң сом талап кылганы аныкталды. Буга чейин арыз ээси 13 миң сомго жакын каражатты берип салган. 19-июнда өз иш бөлмөсүнөн 10 миң сом пара алып жаткан жеринен А.У кармалды», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар