19:22
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Балыкчыда милиция Казакстан ИИМнин пенсионерин пара берүүгө мажбурлашкан

Балыкчыда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тескөөчүлөрү Казакстандын ИИМнин пенсионерин пара берүүгө мажбурлашкан. Бул тууралуу казакстандык Адалат Жафаров президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап билдирди.

Катта Адалат Жафаров балдары менен Ысык-Көлдө бир канча күн эс алганын жазган. Ал жеке унаасы менен келгенин, өз мекенине кайтаар күнү жагымсыз окуяга туш болгонун айткан.

«Балыкчыдан экологиялык посттон өтүп жатканда МАИ кызматкери токтотту. Ал документтерди текшерип, андан соң камсыздандыруучу кагазды, дарылар салынуучу кутуну, өрт өчүрүүчү куралды карап чыкты. Ал тургай унаанын баарды чырактарын иштейби деп текшерди. Эч кандай бузууларды таппаган соң, ал Daewoo үлгүсүндөгү патрулдук унаага баруумду айтты. Унаада лейтенант жана капитан отуруптур, алардын бири мени алкоголдук ичимдик ичкен деп болжоп, атайын каражатка үйлө деп буйрук берди. Ал мени пара берсин деп атайын ошондой шарт түзүп берди. Андан соң тескөөчү башка кызматкерге Балыкчыга экспертиза жүргүзүү үчүн мени кошуп жиберди. Башка унаага отуруп жеке үйдүн жанына барып токтодук. Мен ал убакта өз укуктарымды биле турганымды, Казакстандын ИИМнин мурунку кызматкери экенимди, алар мыйзамды бузуп жатканын айттым. Дем алыш күн болгондуктан кызматкер мага акча берүүмдү суранды, анткени экспертиза өткөрүү үчүн көпкө күтүп калаарыбызды эскертти. Жыйынтыгында мен аларга 1 миң 220 сом жана 10 миң теңге бердим», -деп жазылат катта.

Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 24.kg агенттигине билдиришти. Эгерде Адалат Жафаровдун сөзү аныкталса, күнөөлүүлөр өз жазасын алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар