08:29
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жети-Өгүздө прокуратура кызматкери менен милиция миң доллар пара талап кылышкан

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда прокурордун орун басары менен жергиликтүү РИИБнын тергөөчүсү пара алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, прокуратуранын кызматкери менен милиция миң доллар пара талап кылышкан.

«Алдын ала билдирүүгө ылайык, кармалгандар зордуктоо боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн пара талап кылышкан. Аларды УКМКнын кызматкерлери колго түшүрдү», -деп билдиришти редакцияга.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалыматты тастыктады.

Эң көп окулган жаңылыктар