22:57
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Түрк элчисине карата доо. Аскар Айтматов сотко дагы кошумча арыз менен кайрылат

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Түркиянын Кыргызстандагы элчи Женгиз Камил Фыратка карата доо арызы каралууда.

Маалыматка караганда, доо арыз былтыр 1-ноябрда берилген. Иш боюнча үчүнчү жак катары ТИМ жана «ПроМедиаПлюс» коомдук фонду тартылган. 

Доогердин жактоочусу Диас Мамбеталиев арыздын үстүнө дагы кошумча арыз менен кайрыла турганын айтты. Ал Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фыраттын ««Сапатка» балдарын жөнөтүп жаткан ата-энелер каражаттын бир бөлүгү террордук уюмду каржылоого кетип жатканын билиши керек» деген сөзү чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Чыңгыз Айтматовдун уулу намысын коргоо үчүн жарандык доо арызын берген. Аскар Айтматов түрк элчисинен ФЕТӨ (террордук уюм) уюмуна тийиштиги бар деген айыптоосун жокко чыгарып, эл алдында кечирим суроосун талап кылууда.

Аскар Айтматовдун пикиринде, элчинин айткандары текшерилиши керек. Эгер чынында эле ошондой боло турган болсо, анда укук коргоо органдары кылмыш ишин козгошу зарыл. Эгер факт тастыкталбай турган болсо, анда «Сапат» мектептеринде окуп жаткан балдардын ата-энелеринин жазыксыздык жоромолунун бузулгандыгынан кабар берет.

Доогер арызды кошумчалоо үчүн ага бир жума убакыт берүүнү суранды, сот аны канааттандырып, кийинки отурум 7-февралда өтмөй болду.

Эң көп окулган жаңылыктар