20:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхаким Кыргызстандан саясий башпаанек сурашууда

Биринчи май райондук сотунда Башкы прокуратуранын Кыргызстан Түркияга «Сапат» лицейинин кызматкерлери Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди өткөрүп бере тургандыгы тууралуу чечимине жактоочулардын доо арызы каралууда. 

Белгилей кетсек, көзөмөлдөөчү орган чет өлкөлүк жарандарды өз мекенинде кылмыш кылгандыгы үчүн, кылмыш жоокерчилигине тартууга өткөрүп берүү тууралуу токтом чыгарган.

Отурумдун жүрүшүндө жактоочулар экстрадициялоо боюнча процессти токтотууну суранышкан, анткени айыпталуучулар иштин материалдары менен тааныша элек деген жүйө келтирилген.

Мындан тышкары Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхаким Кыргызстандан саясий башпаанек сурашууда.

Судья Чыңгызбек Бердимуратов жактоочуларды өткөрүп берүү мыйзамсыз жана негизсиз деген доо арызын канааттандырды. Соттун чечими менен Башкы прокуратуранын токтому жокко чыгарылды.

Эске салсак, Кыргыз-Түрк «Себат» лицейин 2017-жылы «Сапат» деп өзгөртүшкөн. «Сапат» 16 лицейди, Ата-Түрк-Ала-Тоо лицейин, эл аралык SilkRoad мектебин, 3 толук эмес жалпы билим берүүчү мектептерди, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы жатаканаларды бириктирип турат.

Эске салсак, 2016-жылы Түркияда дин аятчы Фетхуллах Гүленге тиешеси бар делген кыргыз-түрк лицейлерин жабуу тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар