10:36
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Сапаттын» кызматкерлери Түркияга өткөрүлүп берилиши мүмкүн

Биринчи май райондук сотунда Башкы прокуратуранын Кыргызстан Түркияга «Сапат» лицейинин кызматкерлери Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди өткөрүп бере тургандыгы тууралуу чечимине жактоочулардын доо арызы каралууда.

Белгилей кетсек, көзөмөлдөөчү орган чет өлкөлүк жарандарды өз мекенинде кылмыш кылгандыгы үчүн кылмыш жоокерчилигине тартууга өткөрүп берүү тууралуу токтом чыгарган.

Лицейдин кызматкерлери Түркиянын аймагындагы куралдуу террордук уюмдарга катыштыгы бар делип айыпталууда. Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхаким УКМКнын тергөө абагында кармалып жатат.

Жактоочулар айыпталуучуларды сотко алып келүүнү суранышкан. Бирок судья Чыңгызбек Бердимуратов өтүнүчтү четке какты. Ошондой эле сот жактоочулардын экстрадициялоо ишин иликтөө үчүн тыныгуу жарыялоо тууралуу суранычын аткарган жок.

Эске салсак, Кыргыз-Түрк «Себат» лицейин 2017-жылы «Сапат» деп өзгөртүшкөн. «Сапат» 16 лицейди, Ата-Түрк-Ала-Тоо лицейин, эл аралык SilkRoad мектебин, 3 толук эмес жалпы билим берүүчү мектептерди, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы жатаканаларды бириктирип турат.

Эске салсак, 2016-жылы Түркияда дин аятчы Фетхуллах Гүленге тиешеси бар делген кыргыз-түрк лицейлерин жабуу тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар