11:22
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

ЖЭБ боюнча сот. Сапар Исаков сотко катышуудан баш тартты

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн апелляциялык арызды кароо боюнча Свердлов райондук сотунун отурумуна катышпай тургандыгын айтты.

Анын билдирүүсүндө, отурумга катышып кереги жок. Анткени баардык соттор көз каранды жана саясий чечим чыгарышат деп эсептейт ал. «Менин атымдан жактоочуларым катышат. Мен болсо күрөшүүнү уланта берем», — дейт мурунку өкмөт башчы.

Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү