14:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Көк-Таш айылынын тургундары чек ара маселесин чечүүнү тездетүүнү талап кылышууда

Көк-Таш айылынын тургундары Кыргызстандын бийлигинен Тажикстан менен болгон мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо процессин тездетүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу алар Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтышты. 

Алардын билдирүүсүндө, чектеш райондордогу абал курчуп, дайыма пикир келишпестиктер жаралып турат.

«Мурда чек арага жакын чектеш аймактарда пикир келишпестиктер таш ыргытуу менен аяктаса, эми ок атышууга өтүштү. Абал абдан кооптуу. Биз үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн деп коркуп жатабыз. Кыргызстандын бийлиги буга көз жумуп койбошу керек, мүмкүнчүлүккө жараша тез арада сүйлөшүү жолу менен чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо иштерин жүргүзүшү керек», — дешет тургундар.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан.
Эң көп окулган жаңылыктар