17:09
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу, бир аз чыңалуу бар.

«Баткен облусунда чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде иштөөдө. Күч түзүмдөрүнүн бөлүмчөсүнүн аракеттерин Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жеринде көзөмөл кылып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар