04:15
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ферганада кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр боюнча соттук иш башталды

Ферганада Сох районундагы окуяларга тиешеси бар деп айыпталып жаткан 22 кишинин иши боюнча сот башталды. Бул тууралуу 11-ноябрда «Дарё» гезити билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, алгачкы сот отуруму 9-ноябрда Фергана облустук сотунда өттү. Карантиндик чектөөлөрдөн улам сот залына ар бир айыпталуучунун экиден гана жакын тууганы киргизилди. Кийинки отурум 16-ноябрга белгиленди.

Бул иштин алкагында 22 кишиге, анын ичинде эрезеге жете элек эки өспүрүмгө «Бийлик өкүлүн кызматтык милдеттерин аткарбоого мажбурлоо» жана «Массалык башаламандык» беренелери боюнча айып тагылган.

Быйыл 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Анда 187 өзбекстандык ар кандай жараат алып Өзбекстанда ооруканага түшүп, үчөөнө мылтыктын огу тийген жана бир нече турак жай өрттөлгөн. Күбөлөр алардын көбү өзбек аскерлеринин элди тынчытып таратуу аракети маалында жабыр тартканын айтышкан.

Анда Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев менен Сохтун мурдагы акими окуя болгон жерге барганда жергиликтүү тургундар нааразылык билдирип, аларды көздөй таш ыргытышкан.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз тараптан 25 киши жаракат алганын, төртөө оор жарааттары менен ооруканага жаткырылганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар