13:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Чек арадагы жаштар чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө үйрөнөт

Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында жашаган жаштарга критикалык ой-жүгүртүү, эффективтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө үйрөтүлөт. Бул тууралуу IDEA CA коомдук фонду билдирди.

Алардын маалыматында, «Консенсус» долбоорунун алкагында 26-сентябрдан 25-октябрга чейин 18 жаштан 28 жашка чейинки 54 катышуучу талаш маселелерди тынчтык жол менен чечүүгө, түрдүү тармактарда ишти тараптардын кызыкчылыгын эске алып, укуктук негизде иштөөгө үйрөнүшөт.

Окутуу онлайн форматта өтүп, өзүнө негизги сегиз теманы камтыйт. Анын аркасы менен жаштар эффективтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярдык көрүшөт.

Окуунун жүрүшүндө иш жүзүндө конфликттерди чечүү жолдору көрсөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума