13:23
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Жапаровго Тажикстан Кыргызстанга кол салганын жарыялоо талабы коюлду

Кыргызстан Тажикстандын аскердик кол салуусун таанышы керек. Бул тууралуу «Тынчтык. Коопсуздук. Өнүгүү: Баткен облусундагы чек арадагы кагылышуулардын сабактары» форумунун талдоочулары талап кылышты.

Алар апрель айында Тажикстан Кыргызстандын аймагына кол салганын белгилешет. Талдоочулардын айтымында, Тажикстан бир катар эл аралык нормаларды бузду.

— БУУнун 1976-жылы кабыл алынган Адам укуктары декларациясынын уставын;

— КМШны түзүү боюнча 1991-жылы түзүлгөн келишимди;

— КМШнын максаттары, багытты жана принциптери тууралуу 1991-жылы кол коюлган Алма-Ата декларациясын;

— 1994-жылкы КМШ өлкөлөрүнүн суверинитет, аймактык бүтүндүк жана мамлекеттик чек арасын бузбоо боюнча келишим;

— Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 1996-жылы кол коюлган мамлекеттер аралык келишим;

— Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо конвенциясы;

— Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылдын 20-декабрында кабыл алынган декларацияны;

— Буунун Башкы ассамблеясы тарабынан 1979-жылы 18-декабрда кабыл алынган резолюцияны;

— Адам баласына карата аскердик кылмышка тыюу салган Эл аралык гуманитардык укукту;

— Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) мамлекеттик бүтүндүк боюнча принциптерин;

— БУУнун Башкы ассемблеясынын 1980-жылдын 10-октябрында кабыл алынган 3093-резолюциясында тыюу салынган куралдарды колдонуусу;

Талдоочулар Тажикстан 2001-жылы Эл аралык кылмыш соту боюнча келишимди жактырганын белгилейт. Андыктан БУУнун укуктук мееханизмдери Тажикстандын аскердик кылмышын кароого жол ачат.

«Президент Тажикстан тараптан Кыргызстанга аскердик кол салуу болгонун таанышы керек. Бул боюнча иштер жүрүп, БУУга кайрылуу зарыл», — дейт талдоочулар.

Эң көп окулган жаңылыктар