04:10
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Чек ара чыры. Өзбекстандын Кыргызстанга койгон талаптары айтылды

Баткен облусунун аймагындагы Сох анклавындагы чатактан кийин Өзбекстан Кыргызстанга бир нече талаптарды койду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргыз өкмөтү жолугушууда өзбек тараптан кечирим сураган эмес.

«Жолугушууда Өзбекстан тараптан бизге үч маселе коюлду. Биринчиси — Риштан районундагы «Кайтпас» постун ачып берүү боюнча. Экинчиси — жайыт, үчүнчүсү — Токтогул суу сактагычынан же Сырдарыядан сугат мезгилинде суу алуу боюнча маселе айтылды. «Кайтпас» посту боюнча өз позициябызды билдирдик. Муну силер менен чогуу иштеп, эки өлкөнүн комиссияларынын алкагында карап берип, ЕАЭБге мүчө экенибизди да эске алуу менен карайбыз дедик. Бүгүн-эртең ачып беребиз деген сөз болгон жок. Жайыттар боюнча эки облустун — Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын жетекчилерине тапшырма берилди. Алар маселени талдап, сунуш беришсе карап берели деген жооп айттык. Алар макул болушту. Суу боюнча да мүмкүнчүлүккө жараша карап көрөлү деп жооп кайтардык», — дейт ал.

Эске сала кетсек, өзбек-кыргыз чек ара чыры 31-майда эки тараптын «Чечме» булагын талашуусунан улам келип чыккан. Талаш-тартыштан улам алар бири-бирине таш ыргытып, кырдаал курчуп кеткен. Жалпы 25 кыргызстандык ооруканага кайрылган.

Эң көп окулган жаңылыктар