03:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстандын УКМКсы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айтты

Тажикстандын УКМКсы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айтты. Бул тууралуу Central Asia коңшу өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, кечээ кечинде Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундарынан турган жоон топ (колдорунда мергенчи мылтыктары болгон) Кыргызстандын жараны Султанбек Абдулаевдин үйүнүн жанында топтолуп, Тажикстандын жарандарына Исфара шаарынын Сомониен айылындагы жолдон өтүүсүнө тоскоол болушкан.

Болжол менен саат 21:30да кыргыз тарап Ходжаи Аъло айылынын тургуну Зафар Азамовго таандык жеңил унаасына таш ыргытышкан. Кесепетинен унаанын айнеги талкаланып калган. Ага жооп кылып саат 00:10до Ходжаи Аъло айылынын тургундары Кыргызстандын жаранынын унаасына таш ыргытышкан.

Эки өлкөнүн милиция өкүлдөрү өз убагында окуя болгон жерге келип, жагдайды көзөмөлгө алышкан.

Бүгүн түнкү саат 2лер чамасында Көк-Таш айлынын тургундары абага ок чыгарышкан, бирок эки өлкөнүн укук коргоо органдары менен чек арачылары биргеликте чагымчыл иштерди алдын алып, токтотушту.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Азыркы учурга кырдаал тынч, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат.
Эң көп окулган жаңылыктар