10:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Душанбе: Кыргыз-тажик чек арасында абал оор, бирок көзөмөлдө

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал оор, бирок күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы билдирди. 

Кыргызстандын Чек ара кызматы абал туруктуу экенин, бирок эки өлкөнүн чек арачылары мамлекеттик чек араны бойлой күзөт жүргүзүүнү улантып жатышканын кабарлады.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан
Эң көп окулган жаңылыктар