10:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чек ара жаңжалы. Өкмөт башчы чек араны коргоону күчөтүү тапшырмасын берди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн күч түзүмдөрүнө Баткен облусунда болуп өткөн окуяга байланыштуу кыргыз-тажик тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Укук коргоо органдарына аймакты туруктуу кайтаруу жүргүзүү жана чектеш аймактардагы жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана окуянын чыңалышына жол бербөө үчүн, чаралардын бардык топтомун ишке ашыруу тапшырылды. 

Муну менен катар кырдаалды тез арада жөнгө салууyну жана чыңалууну толук жоюу үчүн, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын, ошондой эле облус жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүү процессин күчөтүү тапшырылды.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ишти илгерилетүүгө чейин кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалдын курчушуна алып келбөө үчүн, чараларды кабыл алуу керектигин өзгөчө баса белгиледи.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Азыркы учурга кырдаал тынч, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айтты
Эң көп окулган жаңылыктар