19:57
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Ата Мекен» фракциясындагы жагдай. Ким лидер болушу мүмкүн

«Ата Мекен» фракциясында күтүүсүз бурулуш болду. Алмамбет Шыкмаматов бүгүн мандатын тапшырып, партиянын курамынан чыга турганын билдирди. Ал Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылып, «Жемкорлук» беренеси боюнча айыпталгандан кийин, аталган партиянын лидери болуп турган.

24.kg агенттигине фракциядан жеке булак билдиргендей, лидердик орун Садык Шер-Ниязга буюруп калышы мүмкүн. Аталган орунга Сайдулла Нышанов да талапкер болушу ыктымал. Дагы бир ысым- Абдимуктар Маматов аталууда. Ошондой эле Искендер Гайпкуловдун мүмкүнчүлүгү чоң.

Депутаттар өздөрү фракциядагы абал боюнча түшүндүрмө бере элек. Алар үчүн Алмамбет Шыкмаматовдун мандатын тапшырып кетиши күтүүсүздүк болду.

Эң көп окулган жаңылыктар