15:10
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Осмонбек Артыкбаев кайсыл учурда депутаттык мандатынан ажыратылышы мүмкүн

Депутат Осмонбек Артыкбаев азырынча Жогорку Кеңештин отурумуна катышпайт. Ал өз ден соолугуна кам көрүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Рабига Садыкова билдирди. 

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча процесстин айрым катышуучулары, райондук соттун өкүмүнө каршы жогорку инстанцияга даттанышмакчы.

Юристтердин маалыматына ылайык, айып пул салуу менен жазаланган айыпталуучу соттолгон деп эсептелет. Эгер экинчи инстанция райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырса, анда Осмонбек Артыкбаев депутаттык мандатынан ажыратылат.

Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди сот 5 миллион сом өлчөмүндө айыпка жыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар