19:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ЖЭБ боюнча сот. Осмонбек Артыкбаевдин жемкорлукта күнөөсү далилденген жок

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Мамлекеттик айыптоочу мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге коюлуп жаткан «Жемкорлук» беренесин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине өзгөртүүнү суранды. Айтымында, анын күнөөсү далилденген жок.

Прокурор соттон Осмонбек Артыкбаевдин ден соолугун жана ыктыяры менен бирдиктүү эсепке 100 миллион сом которгонун эске алууну дагы суранды. Эске салсак, буга чейин алар Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом өлчөмүндө айып салуу тууралуу өкүм чыгарууну суранышкан.

Адвокат Рабига Садыкованын айтымында, ЖЭБди модернизациялоо боюнча чечим Осмонбек Артыкбаевдин энергетика министри болуп дайындалганына чейин кабыл алынган. Ал кызматка келгенде болгону өзүнүн функционалдык милдетин аткарган. Мындан тышкары Осмонбек Артыкбаев модернизациялоо ишине катышкан эмес, аны иш баштала электе эле кызматтан бошотуп коюшкан.

«Осмонбек Артыкбаевдин 1995-жылдары эле ишкерлик менен алектенгенин баары билет», -деди жактоочу.

Белгилей кетсек, Осмонбек Артыкбаевди соттук отурумга майыптардын коляскасы менен алып келишүүдө. Акыркы жыл ичинде ал омурткасынан 2 жолу операция болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума