08:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

13-декабрдан 15-декабрга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

13-декабрда Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда жана 15-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Эң көп окулган жаңылыктар