11:08
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Ошто баңгизатын мыйзамсыз сатып өткөрүп жүргөн жаран кармалды

Ошто баңгизатын мыйзамсыз сатып өткөрүп жүргөн 33 жаштагы А.Р. кармалды. Бул тууралуу Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция атайын операция жүргүзүп, ири өлчөмдө героинди сатып өткөрүүчү туруктуу каналды таап чыгышты. 

«9-декабрда Ош шаарындагы үйлөрдүн бирин тинтүү маалында 1 килограмм 870 граммдык героин табылды. Кылмышка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Ал ИИМдин тизмесинде уюшкан кылымыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат", - деп айтылат маалыматта.  

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү