15:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түрмөгө жашыруун түрдө баңгизат киргизгиси келген жаран кармалды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Москва районунун ИИБнын жана Чүй облусунун Москва районундагы Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 42 жаштагы Р.А. аттуу жаран баңгизаттарды тартиптик аймакка өткөрүп берүү аракеттенген учурда кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жеке текшерүү учурунда шектүү жарандан скотч менен оролгон беш брикет табылган, алардын ичинде кара куурайдын өзгөчө жыты бар кочкул жашыл зат болгон.

Алынган заттын салмагы 3 килограмм 40 грамм гашиш, ошондой эле өсүмдүк тектүү жашыл түстөгү 844 грамм марихуана камтылган эки пластик бир литрлик бөтөлкө болуп, жалпы салмагы 3 килограмм 884 граммды түзгөн.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Москва районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар