18:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Астраханда 20 адам баңгизатка ууланды. Шектүүлөрдүн арасында кыргыз жараны бар

Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Астрахан облусунун аймагында баңгизат жайылтууга шектелген чет элдик жарандарды кармашты. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү Ирина Волкко шилтеме берүү менен INTERFAX жазды.

«Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын үч жараны полиция тарабынан Ставрополь крайында кармалып, Астраханга алынып келишти», — деди Ирина Волк.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, буга чейин Астрахандын 20 тургуну белгисиз заттан уулануп, реанимацияга жаткырылган. «Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучулар бир күн мурун синтетикалык баңгизаттарды колдонушкан», — деп билдирди ИИМдин расмий өкүлү.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Агенттик мындай деп жазат: Астрахан облусунун Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы акыркы үч күндө ооруканага 19 адам жаткырылганын, алардын алтоосунун абалы оор экенин билдирди. 

Эң көп окулган жаңылыктар