02:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түп районунда жашаган жарандын үйүнөн 20 килограммга жакын баңгизат табылды

Түп районунда жашаган жарандын үйүнөн 20 килограммга жакын баңги затын таап, жүгүртүүдөн алышты. Бул тууралуу ИИМдим басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылаыйк, Түп районунун аймагында европа улутундагы жаран өз үйүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги затын сактап, сатууну көздөп жүргөндүгү тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан маалымат келип түшкөн. Текшерүүдөн кийин маалымат тастыкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө, алынган маалымат боюнча, кылмышка шектүү делип Түп районунун тургуну, 1970-жылы туулган П.А. жаран экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Түп РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыштуулуктун бетин ачуу максатында А.П аттуу жарандын, кылмыштуу байланыштары, баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлары боюнча, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада П.А. аттуу жарандан 7 килограмм 816 грамм марихуана алынган, ал эми үйдүн жер төлөсүн тинтүү учурунда дагы 11 килограмм 750 грамм салмактагы гашиш табылып алынган. Ошентип, алынган баңгизаттын жалпы салмагы 19 килограмма 566 граммды түздү. Кармалган жаран Каракол шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар