15:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Челябинскте баңгизат саткан кыргызстандыктар кармалды

Челябинскте «Нелегальный мигрант» операциясынын алкагында Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары катышкан кылмыштуу баңгизат коомдоштугу жоюлду. Бул жөнүндө аталган аймак боюнча Орусиянын Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын Telegram-каналында билдирилди.

«Челябинск облусунун полиция кызматкерлери тарабынан Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары катышкан кылмыштуу баңги коомдоштугунун мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. 24 адам камакка алынды. Баңгизат ишинин уюштуруучусуна жана анын эки жардамчысына издөө жарыяланды», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр 75тен кем эмес кылмыш жасаганы белгиленген. Мындан тышкары, Челябинск, Москва, Свердлов, Курган, Самара облустарында, Пермь крайында жана Москвада баңгизаттарды жашыруун сактоочу жайлар жайгашканы аныкталган.

Кылмыш иши козголду. Полициянын иликтөөсүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 5 килограммдан ашык героин жана метадон алынып, жалпы суммасы 15 миллион рублду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар