23:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жалал-абад облусунда 633 миллион сомго бааланган гашиш менен баңги тобу кармалды

Жала-Абад облусунда 633 миллион сомго бааланган ири көлөмдөгү гашиш менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Алар 23-июлда Базар-Коргон районунун Акман талаасында баңгизат сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалышты. «ВАЗ-2107» жана «ВАЗ-2106» үлгүлөрүндөгү эки жеңил унаа менен келишип, алардын ичинен афган тектүү гашиш (чарс) баңгизаты табылды.

Анын салмагы 1 килограмм 29 граммды түздү.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү) менен кылмыш иши козголду.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Баңгизат мыйзамсыз базарга түшкөн учурда, алар 633 миллион 864 миң сом пайда көрүшмөк.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар