04:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаевге Кой-Таш окуясы боюнча дагы бир айып тагылат

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге дагы бир айып- 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча бир канча берене (анын ичинде «Адам өлүмүнө катыштыгы бар») менен тагылат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Айтымында, калган эпизоддор боюнча (баардыгы 14 эпизод) айыптарды мурунку президент тергөө аяктагандан кийин алат. Иликтөө дагы 2 айга узартылды.

«Алар боюнча сот кандай өтө турганы белгисиз. Алмазбек Атамбаев соттук териштирүүгө катышабы же жокпу айта албайм. Биз бул суроону талкуулай элекпиз», — деди Сергей Слесарев.

Жактоочу бүгүн Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесске Атамбаевди алып келишеби же жокпу, айта алган жок. Бул факт боюнча мурунку президент көрсөтмө берүүдөн тергөө учурунда эле баш тартып койгон. Эске салсак, бул иши боюнча биринчи соттук отурумга Атамбаевди мажбурлап алып келишкен.

Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар