23:37
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Батукаевдин иши. Алмазбек Атамбаевди Биринчи Май райондук сотуна алып келишти

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди Биринчи Май райондук сотуна алып келишти. Маалыматты 24.kg агенттигине КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева тастыктады. 

Бүгүн мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болот.

Жактоочу Сергей Слесаревдун айтымында, учурда Алмазбек Атамбаев конвойдук бөлмөдө турат. «Мурунку президентти мажбурлап алып келишти. Ал каршылык көрсөткөн жок, анткени тергөө абагынын жаш кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылууну каалабады», — дейт жактоочу. 

Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар