12:47
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Батукаевдин иши. Мурунку президент жыйындан туруп кетип калды

Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча соттук териштирүүнү кийинкиге жылдырды.

Жактоочу Сергей Слесаревдун 24.kg агенттигине берген маалыматына ылайык, Алмазбек Атамбаев процесске катышуудан баш тартты.

«Коргоочу тарап соттук процессти Биринчи май райондук сотунун имаратына көчүрүү тууралуу өтүнүчтү билдирген. Угуулар аянты 15 чарчы метрлик бөлмөдө өттү. Процесстин баардык катышуучулары- 18 киши прокурор жана судья Эмилбек Кайыпов менен бетме бет отурушту. Санитардык, медициналык жана укуктук нормалар сакталган жок. Жактоочулар отурумду Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өткөрүүнү өтүнүшкөн, бирок баш тартып коюшту. Жыйынтыгында мурунку президент жыйындан туруп кетип калды. Судья тыныгуу жарыялады», — деди Сергей Слесарев.

Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума