13:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Индира Жолдубаева биринчи жолу ага коюлган айыптарга оюн билдирди

Мурдакы башкы прокурор Индира Жолдубаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишине биринчи жолу өз оюн билдирди.

Белгилей кетсек, иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралууда. Учурда жарыш сөз болуп жатат. Мамлекеттик айыптоо Индира Жолдубаеваны 15 жылга эркинен ажыратууну талап кылууда.

«Мага каршы эки күбө көрсөтмө берди. Анын бири Шамиль Атахановдун кеңешчиси Бекенов, экинчиси Нарын райондор аралык сотунун мурдакы судьяся Жапар Эрматов. Мамлекеттик айыптоо мени 15 жылга эркимден ажыратууну талап кылууда. Мен буга эмне дешти да билбейм», — дейт ал.

Азиз Батукаев 2013-жылы Нарындагы абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, чартердик рейс менен Грозныйга учуп кеткен. Саламаттыкты сактоо министрлиги кримтөбөл рак илдети менен жабыркагандыгы жана аз күндөн кийин кайтыш болору боюнча бүтүм чыгарышкан. Анын ишин Нарын соту шашылыш каралат. Азиз Батукаевдм Нарындагы абактан Бишкекке чейин атайын топ коштоп келип, аэропортто Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси жардамчысы учакка чейин узатып барат.

Жогорку Кеңеште атайын комиссия түзүлүп, кримтөбөл мыйзамсыз бошотулган деген чечим кабыл алат.

Башкы прокуратура иш козгоп, бирок кийин токтотулат.

Алмазбек Атамбаев кызматтан кеткенден кийин иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө Гемотология борборунун дарыгерлери Эмил Макимбетовго, Ирина Цоповага, аталган борбордун башчысы Абдухалим Раимжановго, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага, министрликтин өкүлү Канатбек Бектемировго, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиевге, анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге, аталган мекеменин медициналык санитардык камсыздандыруу жана уюштуруу башкармалыгынын башчысы Акыл Асановго, дарыгери Фархад Атаходжаевге, Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын мурдагы прокурору Майрамбек Акматалиевге, прокурордун мурдагы жардамчысы Кубат Жуматаевге, мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага, УКМКнын төрагасынын кеңешчиси Мурат Бекеновго, мурдагы вице-премьер министри Шамил Атахановго, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовго, жактоочу Али Касымовго, Коопсуздук кеңешинин мурдакы катчысы Бусурманкул Табалдиевге, мурдакы президент Алмазбек Атамбаевге айып тагылат.

Эң көп окулган жаңылыктар