15:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Батукаевдин иши. Атамбаевдин ден соолугу жакшырды, аны процесске алып келишет

Биринчи май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү башталды.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бүгүнкү соттук процесске алып келишет. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев 24.kg агенттигине билдирди. Айтымында, мурунку мамлекет башчысынын кан басымы калыбына келип, өзүн жакшы сезүүдө.

«Бирок ал отурумга катышабы же жокпу, суроолорго жооп береби же баш тартабы айта албайм. Көрсөтмө берүүдөн баш тартса — бул анын укугу», — деди жактоочу.

Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби