02:56
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Батукаевдин иши. Атамбаевдин оорусуна байланыштуу отурум жылдырылды

Биринчи май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү башталды.

Соттук отурум башталаардан мурда жактоочу Нина Зотова айыпталуучу Абдухалим Раимжанов ооруканага жатып калганын кабарлады. Ал процессти башка убакытка жылдырууну суранды.

Мындан тышкары мурунку президент Алмазбек Атамбаев дагы ооруп калганы анык болду. Белгилей кетсек, бүгүн жактоочу Алмазбек Атамбаев сотко келүүгө даяр деп билдирген.

Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар