12:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Замир Жоошев: Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 2 айга узартылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча өткөн кезектеги соттук процесстен кийин жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, 14-январдагы отурумда сот адвокаттардын эки өтүнүчүн карады.

«Алгачкысы прокурорлордун бирөөсүн алмаштыруу өтүнүчү. Анткени ал бул иш боюнча тергөөгө катышкан. Мыйзам боюнча мындай учурда прокурор алмаштырылышы керек. Бирок судья бул өтүнүчүбүздү канааттандырган жок. Экинчиден айыпталуучулардын бөгөт чарасы каралып, Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды», — деди жактоочу.

Ал мурдагы президенттин жактоочулары Атамбаевдин кармалышын мыйзамсыз, ал эми ага карата айтылган айыптоолорду негизсиз деп эсептей тургандыктарын кошумчалады.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби