10:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу мурдакы президент Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылды. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов айыпталуучуларга сот өкүмүн угузду.

Алмазбек Атамбаевди 11 жыл эки айга кесилип, сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн дагы ажыратылат.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айыппул салынды. Мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылмай болду.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылды, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген жок.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылды. Ага эки жыл эркинен ажыратуу чарасы чегерилди, бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылды, сот залынан бошотулду.

Азиз Батукаев 2013-жылы Нарындагы абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, чартердик рейс менен Грозныйга учуп кеткен. Саламаттыкты сактоо министрлиги кримтөбөл рак илдети менен жабыркагандыгы жана аз күндөн кийин кайтыш болору боюнча бүтүм чыгарышкан. Анын ишин Нарын соту шашылыш каралат. Азиз Батукаевдм Нарындагы абактан Бишкекке чейин атайын топ коштоп келип, аэропортто Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси жардамчысы учакка чейин узатып барат.

Жогорку Кеңеште атайын комиссия түзүлүп, кримтөбөл мыйзамсыз бошотулган деген чечим кабыл алат.

Башкы прокуратура иш козгоп, бирок кийин токтотулат.

Алмазбек Атамбаев кызматтан кеткенден кийин иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө Гемотология борборунун дарыгерлери Эмил Макимбетовго, Ирина Цоповага, аталган борбордун башчысы Абдухалим Раимжановго, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага, министрликтин өкүлү Канатбек Бектемировго, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиевге, анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге, аталган мекеменин медициналык санитардык камсыздандыруу жана уюштуруу башкармалыгынын башчысы Акыл Асановго, дарыгери Фархад Атаходжаевге, Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын мурдагы прокурору Майрамбек Акматалиевге, прокурордун мурдагы жардамчысы Кубат Жуматаевге, мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага, УКМКнын төрагасынын кеңешчиси Мурат Бекеновго, мурдагы вице-премьер министри Шамил Атахановго, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовго, жактоочу Али Касымовго, Коопсуздук кеңешинин мурдакы катчысы Бусурманкул Табалдиевге, мурдакы президент Алмазбек Атамбаевге айып тагылат.

Эң көп окулган жаңылыктар