17:01
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Жаан жаап, туман каптайт. Алдыдагы бир жумага карата аба ырайынын божомолу

ӨКМ алдыдагы бир жумага карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Маалыматка караганда, 10-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 11-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

11-декабрда күндүз жана 12-декабрда түнкүсүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 12-декабрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт.

13-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

14-декабрда кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. 

15-16-декабрларда кээ бир райондордо бир аз жаан-чачын жаашы мүмкүн. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби