19:07
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жер титирөө катталды

Кечээ Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жер титирөө катталды. Бур тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 13:07де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Сузак районунун Орток айылында 2,5 жана Сай айылында 2 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле саат 23:40та Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Алай районунун Кара-Шыбак, Жар-Башы, Күлчү, Шибе айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума