05:31
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖЭБ боюнча сот. Айбек Калиев жабдыктардын эскириши тууралуу

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып жатат. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзү уланууда. Кечээ мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков менен мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сөз сүйлөштү.

Бүгүн Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиевди угушат.

«Кыргызстан кийинки жылдан тарта өлкө электр энергиясы боюнча импортко көз каранды болуп калышы мүмкүн», — деди Айбек Калиев. Айтымында, жыл сайын Бишкекте 7-10 миң электр энергиясын колдонуучулар кошулууда. Республика боюнча колдонуучулардын өсүшү орточо 5-7 пайызды, ал эми жабдыктардын эскилиги 67-70 пайызды түзөт. 

«Жабдыктардын эскириши модернизациядан алдыга кетүүдө. Эгер аларды жаңылоо боюнча кадамдарды кабыл албаса, анда кийинки жылдан тарта биз электрэнергиясы боюнча импортко көз каранды болуп калышыбыз мүмкүн. Биз экспорттук потенциал деген эмне экенин унутуп калышыбыз ыктымал. Эгер электр кубаттуулугу болбосо, анда инвесторлор жана экономиканын өнүгүшү тууралуу унутушубуз керек болот», — деди Айбек Калиев.

Эске салсак, прокурор Марат Кулжабаев өз сөзүндө Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевди 17 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранды. Ошондой эле андан Кыргыз Республикасынын ардак грамотасын жана «Даңк» медалын алып салуу сунушталды.

Эң көп окулган жаңылыктар