21:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кабылдамасына 1 жарым миң киши кайрылды

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кабылдамасына акыркы 10 ай аралыгында 1 миң 597 адам кайрылган. Бул тууралуу кабылдаманын башчысы Фатима Турусбекова билдирди.

Айтымында, алардын 1 миң 185и ишеним телефону аркылуу болгон.

«Эң көп кайрылгандар Бишкек шаарынан — 236, экинчи орунда Чүй облусу, — 83, Ысык-Көлдөн — 24, Жалал-Абад облусунан — 22, Нарын жергесинен — 21, Ош облусунан — 16, Баткенден — 8, Талас аймагынан 6 жана чет элдик жарандардан- 4 адам болду», — дейт Фатима Турусбекова.

Иште бардыгы болуп 159 даттануу түшкөн, бардык маселелер убагында чечилип, кайрадан кайрылуулар болгон эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кабылдамасына бекер жана жеңилдетилген жардам алуу өтүнүчү менен 68 адам кайрылган. Чет өлкө мекемелеринде дарылануу боюнча — 5, текшерилүүгө — 23, кеңештерди өткөрүү — 32, ооруканага жаткыруу — 39, дары-дармек сатып алуу — 13, майыптык даражасын белгилөө −2, маалымкат жана оору таржымалынын көчүрмөсү — 107, бейтапты унаа менен жеткирүү −2 жана соттук медициналык экспертизаны тездетүү боюнча— 3 кайрылуу болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума