03:06
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Улуттук фтизиатрия борборунда компьютердик томография кабинети ачылды

Улуттук фтизиатрия борборунда компьютердик томография кабинети ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, имарат СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдык фонд тарабынан каржыланган COVID-19 грантын ишке ашыруунун алкагында БУУнун Өнүктүрүү Программасы аркылуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, КТ аппараты жана тиешелүү эмеректер менен жабдылган.

 Компьютердик томографтын (General Electric Optima 520) баасы 407 миң 551,35 долларды түзөт (35 милилон 334 миң 702,05 сом), 34 миң 709 долларга эмерек жана башка керектүү жабдуулар алынган.

«Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү кургак учуктун көп дарыга туруктуу жүгү бар 30 өлкөнүн катарына кирет, бул көп дарыга туруктуу кургак учук менен күрөшүүнү биздин өлкөдө кургак учукту жоюунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныктайт. Кургак учук инфекциясын аныктоодо нур менен дарт аныктоонун заманбап жогорку технологиялык ыкмалары талап кылынат. Күнүмдүк диагностикалык процесске компьютердик томографты киргизүү кургак учук инфекциясын, өзгөчө балдар арасында аныктоону жана диагностикалоону жакшыртат, бул өз кезегинде оорунун коомдо жайылышын үзгүлтүккө учуратат жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртат», — деп белгиледи саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Эң көп окулган жаңылыктар