00:26
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Алымкадыр Бейшеналиев тиш догдурда чарчап калган кыздын туугандары менен жолукту

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КММАнын медициналык борборунун стоматологиялык бөлүмүндө операция учурунда чарчап калган үч жашар кыздын туугандары менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз борбору билдирди.

Министр кыздын жакындарына көңүл айтып, туугандарынын суранычтарын жана жүйөлөрүн укту. Алымкадыр Бейшеналиев медициналык жардам көрсөткөн борбордун директору, башчысы, врач-анестезиолог, врач-стоматолог иштен алынганын белгиледи. Ал күнөөлүүлөр мыйзам боюнча жазаланарын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Алымкадыр Бейшеналиев чарчап калган кыздын жакындары менен жолукту

«Саламаттык сактоо министрлиги комиссия түзүп, ал укук коргоо органдарына мындан аркы чечимдерди кабыл алууда сунуштарды берди. КММАнын медициналык борборунун стоматологиялык бөлүмү жабылды, алгач жардам сурап кайрылган жеке стоматологиялык клиника да иштебейт», — деди мекеменин башчысы.

Эске салсак, кызга жалпы наркоз берилгенден кийин ал чарчап калган. Милиция кылмыш ишин козгоп, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул иш боюнча комиссия түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар