USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Калыбына келтирүү жана спорттук медицина борборуна жаңы рентген-аппарат берилди

14:43, 14 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Калыбына келтирүү жана спорттук медицина борборуна барып, жаңы санарип рентген-флюорографиялык аппаратты тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Алымкадыр Бейшеналиев спортчуларга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналарын белгиледи. Анын айтымында, спорттук-реабилитациялык борбордун материалдык-техникалык базасы кыйла начар, бирок абалды жакшыртуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө: 2023-2024-жылдарга керектүү медициналык жабдууларды сатып алуунун сметалык планы түзүлгөн.

Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын үч жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков спортчулардын, дарыгерлердин жана машыктыруучулардын биргелешкен эмгеги мыкты жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Ал жаңы жабдуулар үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул кадам кыргыз өкмөтүнүн спортчуларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу, алардын ден соолугун жана кесиптик жетишкендиктерин колдоого умтулуусун чагылдырарын билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика