11:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Кыргызфармация» кытай корпорациясы менен кызматташуу келишимине кол койду

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында Шицзячжуан шаарындагы дары-дармектерди жана активдүү заттарды иштеп чыгарган жана өндүргөн  CSPC Corporation ири фармацевтикалык корпорациясына барды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен CSPC Corporation компаниясынын ортосунда фармацевтика тармагында кызматташуу — дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу, ошондой эле Кыргызстандын аймагында дары-дармек өндүрүш аянтчасын куруу боюнча келишимге кол коюлду.

Мекеме CSPC Corporation Кытайдагы алдыңкы фармацевтикалык ишканалардын бири экенин белгиледи. Ал беш ишкерлик секторун камтыйт: инновациялык дары-дармектер, шишиктерге каршы дарылар, чийки заттар, даяр фармацевтикалык каражаттар жана фармацевтикалык каражаттарды сатуу. Корпорациянын продукциялары негизинен жети серияны жана миңге жакын ассортиментти камтыйт, анын ичинде антибиотиктер, витаминдер, жүрөк-кан тамыр ооруларына каршы, дене табын түшүрүүчү жана ооруну басаңдатуучу дарылар, тамак сиңирүү системасынын дарылар, шишикке каршы жана салттуу кытай медицинасынын даяр дарылары бар. CSPC Кытайда 10дон ашык фармацевтикалык өндүрүштүк базага ээ жана продукциясы дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашык өлкөлөрдө жана аймактарда сатылат.

Эң көп окулган жаңылыктар