00:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Швейцария Кыргызстандагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна компьютерлерди берди

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун техникалык жактан жабдууну колдоо максатында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге 320 компьютер, үзгүлтүксүз энергия булактарын (UPS), ошондой эле Касперский лицензиясын тапшырды.Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабдуулар Кыргызстандын түштүгүндөгү жана Бишкек шаарындагы 228 баштапкы саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилет.

Республикада баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууда жана жугуштуу эмес ооруларды дарылоону жакшыртууда техникалык жабдуу чоң роль ойнойт. Ал ошондой эле саламаттыкты сактоо программаларына жана иш-чараларына мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого көмөктөшөт, ал жыйынтыгында Кыргызстандын калкынын ден соолук абалынын жакшырышына алып келет.

«Электрондук саламаттыкты сактоону өнүктүрүү өкмөттүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам — ​​өнүккөн өлкө» программасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Электрондук саламаттыкты сактоону өнүктүрүү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатат, медициналык уюмдардын кызматкерлеринин түйшүгүн азайтат, ошондой эле бейтаптардын күтүү убактысын кыскартат», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Жабдуулар Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган «Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун алкагында берилди. Долбоордун биринчи фазасын ишке ашыруунун алкагында 2018-жылдын январынан 2022-жылдын июнь айына чейин Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына электрондук саламаттыкты сактоону киргизүү үчүн 419 компьютер жана 358 принтер, ошондой эле Электрондук саламаттык сактоо борборуна 2 сервер сатылып алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар